Экология элдин уну менен
Бул китеп жаратылышты коргоо ишинин эң бир маанилүү багыты болгон экологиялык билим жана тарбия берүүгө багытталган. Кыргыз элинин салттуу экологиялык аң-сезимин ойготуу аркылуу адамдын табиятка болгон туура көз карашын жана аяр мамилесин калыптандыруу. Экологиялык аң-сезимди ойготууда инновациялык ыкма катары элдик чыгармачылыкты жандандыруу, жергиликтүү элдин жана мектеп окуучуларынын экологиялык чыгармаларын чогултуу жана алардын катышуусундагы экологиялык театр коюуу, экологиялык даталарды белгилеген чоң майрамдарды өткөрүү.