Кыргызстанда токойлордун деградациясынын жана токойсуз калуунун негизги себептери

Маалымат

Бул жыйнак 2000-жылдын 20-21-октябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн токойсуз калуунун жана токойлордун деградациясынын негизги себептерин аныктоо боюнча ачык улуттук жыйындын материалдарынын негизинде даярдалган. Бул жолугушуу токойсуз калуунун негизги себептерин жоюу боюнча Глобалдык демилгенин Катчылыгынын калкасы астында жана демилгеси боюнча өткөн жана “Сибирь токойлорунун достору” Красноярск Региондук коомдук экологиялык кыймылы (Россия) жана “БИОМ” Жаштардын экологиялык кыймылы (Кыргызстан) тарабынан уюштурулган.