"БИОМ" ЭК ишинин негизги багыттары: Туруктуу Өнүгүү саясаты, Климатты өзгөртүү, туруктуу Өнүгүү үчүн Билим берүү, таза энергия жана энергиялык майнаптуулук, Экологиялык коопсуздук, экологиялык башкаруу, Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо
Кыргызстанда экологиялык билим берүү тутумун өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана билим берүүнүн бардык деңгээлдерине Туруктуу Өнүгүү үчүн Билим берүүнүн баалуулуктарын жана принциптерин интеграциялоо.
Климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу үчүн митигациялык жана адаптациялык программаларды ишке ашырууга көмөктөшүү жана бул маселелер боюнча коомчулуктун маалымат алуусун жогорулатуу.
Кыргызстандын кесиптик жана аймактык коомдоштуктарында Туруктуу Өнүгүү идеяларын жана принциптерин ишке ашырууга көмөктөшүү.
Экологиялык коопсуздукту камсыздоо жөнүндө жамааттардын маалымат алуусун жогорулатуу.
Туруктуу энергетика секторун өнүктүрүүгө көмөктөшүү, парник газдарын чыгарууну азайтуу. Коомдо туруктуу энергетика идеяларын жана принциптерин популярлаштыруу.
Бийликтин бардык деңгээлдеринин чечимдерди кабыл алуу тутумуна эл аралык экологиялык коопсуздук тутумдарын киргизүү аркылуу Кыргызстанда туруктуу демократиялык коомдун өнүгүшүнө көмөктөшүү.
Табигый экотутумдардын деградацияланышын алдын алуу, сактоо, туруктуу өнүктүрүү үчүн долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстанда экотутумдук ыкма принциптерин киргизүү.
Туруктуу өнүгүү, футуро-экологиялык тутумдар, инновациялык "жашыл" технологиялар ж.б. күн тартибин жылдыруу чөйрөсүндөгү иштердин келечектүү багыттарын иштеп чыгуу.
Илимий жана адистештирилген коомдоштуктарда дискуссия тутумдарын уюштуруу аркылуу заманбап экологиялык-философиялык алдыңкы идеяларды популярлаштыруу жана өнүктүрүү.