"Билим берүүнүн психологиясы" сабагынын окуу-методикалык комплекси

Маалымат

“Билим берүүнүн психологиясы” сабагынын окуу-методикалык комплекси күндүзгү жана сырттан окутуу формасында магистрлерди даярдоо үчүн арналган жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. “Билим берүүнүн психологиясы” сабагы билим берүү милдеттерин аткаруунун натыйжалуулугун, педагогикалыку чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуучу жана окутуунун психологиялык аспекттерин жакшыртуучу, билим берүү процесстерин, билим берүү ишмердигинин мазмунун жана формаларын, окутуу жана тарбиялоо методдорун карайт.