Коркунуч менен жанаша жашаганга үйрөнөбүз

Мугалимдер үчүн методикалык окуу куралы

Маалымат

Окуу куралы Кыргызстандын коомдук экологиялык уюмдарынын адистери тарабынан даярдалган жана Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептеринин 5-6-класстарынын окуучуларына жаратылыш кырсыктарынын пайда болуу тобокелдиги жогору болгон райондордо тиричилик аракетинин коопсуздугунун негиздерине үйрөтүү боюнча сабактарды методикалык колдоону камсыздоого багытталган. Окуу куралы Кыргызстандагы ПРООН кеңсесинин финансылык колдоосунда чыгарылган.