Энергия жана курчап турган чөйрө
Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн окуу китеби
Маалымат
Окуу китеби 1996-жылдан бери Борбордук Азия өлкөлөрүндө, Кавказда жана Европада Норвегиялык жаратылышты коргоо коомунун колдоосунда жүргүзүлүп келе жаткан, SPARE эл аралык долбоорунун окуу-методикалык комплексинин бир бөлүгү болуп саналат. SPARE-мектептер дисциплиналар аралык окутуу жана практикалык ишмердик аркылуу энергиялык майнаптуулук чөйрөсүндө мектеп окуучуларына билим берүүнү ишке ашырат. SPARE аркылуу мектеп окуучулары мектепте жана үйдө энергияны жана ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланууну үйрөнүшөт.